21-февралда Баш прокурор Аида Салянова УКМКнын тергөө абагында каза тапкан Айбек Эшбаевдин жакындарын кабыл алды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев тастыктады. Анын айтымында, Салянова тергөөнүн жол-жобосун, экспертизанын тыянактарына жараша юридикалык баа берилерин түшүндүрдү.
Пара алды деген шек менен кармалган милиционер, Бишкектин жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаев жакында УКМКнын тергөө абагында каза тапкан. Ал асынып өлдү дешкени менен, туугандары күмөн жараткан жагдайлар бар экенин айтышууда. Окуяны атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат. (КЕ)