Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Парламент абак жагдайын талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңеш абактагы абалды иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын угат. Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жыйында убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Туратбек Мадылбеков баяндама жасайт. Андан сырткары биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, Баш прокурор Аида Салянова абак жайлардын жетекчилери, эксперттер чакырылган.

16-январда №1 тергөө абагында күч колдонуу менен жүргүзүлгөн пландык тинтүү абактагылардын нааразылыгын күчөтүп, жапырт ачкачылыкка алып келген. Анын негизинде 13 түрмөдө ачкачылык жарыялагандардын саны 6 миңден ашып, алардын 1300дөн ашууну оозун төөнөгөнгө чейин барган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG