Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Литвада КГБнын кошумча кызматкерлеринин тизмеси жарыяланды


Мурдагы КГБ менен кызматташкандардын тизмесин жарыялаган интернет сайт ага киргендердин көптүгүнөн жабылып калды.

«Азаттыктын» Вильнюстагы кабарчысы Ирина Петерс билдиргендей, "Геноцидди жана Литванын жарандык каршлыгын иликтөө" борбору жарыялаган тизмеде бул өлкөдөгү мурдагы КГБнын резервинде турган 238 кишинин аты-жөнү бар. Маселен, алардын арасында Литванын мурдагы тышкы иштер министри Антанас Валёнис сыяктуу белгилүү адамдардын ысымы аталат.

Буга чейин Литванын мамлекеттик архивинин маалыматында советтик атайын кызматта 420 киши турганы айтылган.

2010-жылы Литванын парламенти КГБнын архивдик материалдарын жарыялоону, аны менен өлкөдөгү люстрациянын соңуна чыгууну милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG