Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Сирияда кармаштарда кеминде 100 киши набыт болду


Сириялык активисттер Хомс жана Идлиб провинцияларында оппозиция менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылыштарында бери дегенде 100 киши өлүп, ондогондор жарадар экенин билдирет.

Шейшембинин кечинде өкмөттүк күчтөр куралданган оппозиция түзгөн "Эркин Сирия армиясынын" таянычы болгон Идлиб провинциясындагы эки районго чабуул койду.

Ага чейин бийликке каршы күчтөрдүн борбору Хомс шаарын өкмөттүк армия бомбалаган.

Эл аралык Кызыл чырым уюму бул аймактарда күнүгө ок атышууну жок дегенде 2 саатка токтотуп, жаңжалдын очогунда калгандарга жардам жеткирүүгө чакырууда.

XS
SM
MD
LG