Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Пентагон Курандын өрттөлгөнүнө оогандардан кечирим сурады


Пентагондун жетекчиси Ооганстандагы америкалык базада Курандын өрттөлгөнүнө оогандардан кечирим сурады. Шейшембиде Кошмо Штаттардык коргоо министри Леон Панеттага Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн башчысы Жон Аллен Баграм базасында Курандын бир канча нускасы өрттөлгөндүгүн билдирген.

Ага чейин генерал Аллен эл аралык аскердик күчтөр диний материалдарды, анын ичинде Куранды “туура эмес” жок кылышканын айтып, ооган эли менен өкмөттөн кечирим сураган:

- Соңку окуяда залал тарткандардын баарынан чын дилимден кечирим сурайм. Ооганстандын президентинен, Ооган Ислам республикасынын өкмөтүнөн жана эң башкысы мээрман ооган элинен кечирим сурайм.

Шейшембиде Баграм базасынын жанында 2 миңдей киши катышкан америкалыктарга каршы маанайдагы акция өттү. Баш калаа Кабулда болсо жүздөгөн адамдар нааразылыкка чыгышты.

XS
SM
MD
LG