Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:57

Азербайжанда экстремисттик топтун мүчөлөрү кармалды


Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүнө ылайык, кармалгандар бул өлкөдөгү чет элдиктерге каршы террордук чабуулдарды камдап жүргөндөр. Бул топту ирандык "Селах" атайын кызматынын өкүлү менен "Хезболлах" уюмунун ирандык канаты болуп саналган "Мугавимат" уюмунун жетекчиси түзгөн. Топтун мүчөлөрү атайын маалыматтарды жыйнап, курал-жарак жана жардыруучу заттар менен жабдылган. Мындан башка маалыматтар азырынча айтыла элек.

Январь айында Азербайжанда ирандык атайын кызматтын тапшырмасы боюнча жөөттөрдүн мектебинин 2 мугалимине кол салууга аракеттенген деп 2 жергиликтүү тургун кармалган.

XS
SM
MD
LG