Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Суталиновдун баш коргоо чарасын Аскер Соту кайра карайт


Кыргызстандын Аскер соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасы боюнча ишти кайра карап чыгат. Мындай чечим бүгүн Жогорку Сотто кабыл алынганын аталган соттук мекеменин маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев "Азаттыкка" кабарлады.

Буга чейин Бишкек гарнизонунун Аскер Соту Суталиновду тергөө аяктаганча үй камагына алуу чечимин чыгарган. Ушундай эле чечим кийин Кыргыз Республикасынын Аскер сотунда да кабыл алынган. Бүгүн Жогорку Сот бул чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберди.

Суталинов апрел окуясы боюнча соттолуучулардын бири. 2010-жылдын апрелинде ага эл аралык издөө салынган. Бирок былтыр 14-декабрда сот болуп жаткан жерге өзү келген. Аны үй камагына алуу чечими кабыл алынган.

Бирок 17-декабрда ага мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөн деген кылмыш иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG