Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

АКШ элчиси Спратлен абактагы укук коргоочу Аскаров менен жолукту


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен Бишкектеги №47 абакта камалган укук коргоочу Азимжан Аскаров менен жолукту. Жаза аткаруу кызматынан кабарлашкандай, Аскаров элчиге июн окуясы тууралуу маалымат берип, аны күнөөсү жок болсо да соттоп, өмүр аягына чейин түрмөгө кесишкенин айтты. Сот анын адвокаттарына жана күбөлөрүнө сөз бербей койгонун билдирип, адилетсиз соттолгондор Кыргызстанда абдан көп экенин жана эл аралык уюмдар бул иште алсыз болуп жатканын кошумчалады.

Элчи Спратлен Кыргызстандын соттору эл аралык стандарттардын негизинде, акыйкат иштеши АКШ үчүн өтө маанилүү экенин айтты. “Вашингтон Аскаровго жардам берүүнү каалайт, бирок эч кандай убада бере албайт” деп элчи айтканын Жаза аткаруу кызматы билдирүүдө.

2010-жылдын июнунудагы Ош жана Жалал-Абаддагы улут аралык коогада элди бийликке баш ийбөөгө үндөгөн, адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деген айып менен кыргыз соттору Аскаровду өмүрүнүн аягана чейин эркинен ажыратышкан. Бул чечимди Жогорку Сот күчүндө калтырган. Аскаров өзү күнөөсү жок экенин айтып келет.( RK)

XS
SM
MD
LG