Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Абхазиянын лидери кол салуудан аман калды


Окуя бүгүн эртең менен Гудаут шаарынан алыс эмес жерде болду. Александр Анквабдын автокербенинин жолуна көмүлгөн бомбанын жарылуусунан жана андан кийинки ок атуулардан абхаз лидеринин жансакчыларынын бири каза таап, экинчиси оор жаракат алган.

Анкваб Абхазиянын президенттигине мурдагы президент Сергей Багапш каза тапкандан кийин былтыр августта шайланган. Абхазиянын ал жана башка жогорку расмий өкүлдөрү кол салууларга соңку жылдары бир нече жолу кириптер болушкан.

Грузия жана эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгү Абхазияны Грузиянын жикчил аймагы катары карашат.

Орусия жана башка саналуу өлкө эле аны көз карандысыз мамлекет катары тааныган. (UE)

XS
SM
MD
LG