Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Сириядагы чабуулдарда жүздөй адамдын өмүрү кыйылды


Хомс шаарынын Баба Амр району аткыланган кезде. 21-февраль, 2012-жыл.
Хомс шаарынын Баба Амр району аткыланган кезде. 21-февраль, 2012-жыл.
Бул тууралуу оппозиция активисттери билдирүүдө. Алардын айтымында, өкмөттүк күчтөрдүн шейшембиден берки чабуулдарынан каза тапкандардын көпчүлүгү Хомс жана Идлиб провинциясынын тургундары.

Сирия режими чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын кабарчыларынын өлкөдө эркин иштөөсүнө тыюу салгандыктан бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес.

Бул аралыкта Хомс шаарында эки чет элдик журналист каза таап, үчөөсү жаракат алган. Кабарларга караганда, камалоодо турган бул шаарда утурумдук медия борборго айландырылган жайга өкмөттүк аскерлер аткан ракета тийгендей.

Оппозиция активисттери каза тапкан журналисттердин Британиянын “Санди Таймс” гезитине иштеген америкалык Мэри Колвин жана француз фотосүрөтчүсү Реми Очлик деп аташты.
(UE)

XS
SM
MD
LG