Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Ооганстанда Курандын өрттөлүшүнө каршы акцияда беш адам мерт болду


Жалал-Абад шаарындагы демонстрация. 22-февраль, 2012-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы демонстрация. 22-февраль, 2012-жыл.
НАТОнун базасында Курандын нускаларынын өрттөлүшүнө нааразы болгон оогандардын бүгүнкү тополоңдору учурунда коопсуздук күчтөрүнө ок атууга туура келген.

Кабарларга караганда, Парван провинциясынын Баграм аба базасына жакын Шинвар районундагы бүгүнкү демонстрацияда үч адам мерт болгон. Ал эми Жалал-Абад шаарында дарыгерлердин айтымында, топко атылган кадимки октон бир адам ажал таап, он киши жаракат алган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Жалал-Абаддагы кабарчысынын айтымында, демонстранттарга ок ооган полициясы тарабынан атылган. Борбор Кабулда да тополоң салган демонстранттарга полиция ок чыгарганда бир демонстрант каза таап, он чактысы жаракат алган.

АКШнын аскерий жетекчилери Курандын нускаларынын өрттөлүп кетиши үчүн кечирим сурады жана бул атайлап жасалган иш эмес экендигин баса белгилешти.
(UE)

XS
SM
MD
LG