Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:27

“Фергана” Байланыш агенттигинен расмий жооп алды


Кыргызстандын Байланыш боюнча агенттигинин директору Алмазбек Кадыркулов “Фергана” агенттигинин башкы редактору Данил Кисловго жолдогон каттын көчүрмөсүн бүгүн аталган агенттик өзүнүн сайтында жарыялады.

Катта Байланыш агенттиги “Фергана” агенттигинин сайтын тороо боюнча буйрук чыгарбагандыгы, бирок интернет кызматын көрсөткөн провайдерлерге кыргыз өкмөтү парламенттин токтомун аткаруу боюнча берген тапшырмага ылайык fergananews.com сайтын тороо боюнча чара көрүүнү суранганы айтылат.

Кыргызстандагы Интернет провайдерлердин ирилеринин бири - “Кыргызтелекомдун” башчысы Аскар Баратбаев “Азаттыкка” алар fergananews.com сайтын Байланыш агенттигинин катынын негизинде торогонун ырастады. Баратбаевдин айтымында, Кыргызстанда интернет кызматын көрсөткөн компаниялар саны 70ке жетет.

“Фергана” агенттигинин сайтын Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде тороо зарылдыгы Жогорку Кеңештин былтыр июнь айында кабыл алынган токтомунда көргөзүлгөн.

Анда парламент аталган сайт 2010- жылдагы июнь окуялары боюнча бир жактуу маалымат тараткан, кыргыз элинин, Кыргызстандын беделине шек келтирген материалдарды жарыялаган деген бүтүмгө келген.

“Фергана” агенттигинин сайты Кыргызстандын аймагында ачылбай калган фактылар кечээтен тарта белгилүү болгон. “Чек арасыз кабарчылар” уюму өз билдирүүсүндө бул көрүнүштү Кыргызстандын “артка чегинүүсү” деп мүнөздөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG