Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:24

Президент Атамбаевдин Москвага иш сапары башталат


Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев орус президенти Дмитрий Медведевдин чакыруусу менен Москвага иш сапары менен барат. Үч күндүк иш сапарынын алкагында Атамбаев Орусия президенти Дмитрий Медведев, премьер-министр Владимир Путин менен жолугушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов кабарлады. Эки тарап Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер, карым-катнаштар талкуулашат. Ошондой эле аткарыла турган долбоорлор каралат.

Мындан сырткары президент Москвадагы кыргыздардын диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугуп, Манастын айкелинин ачылыш аземине катышат. Токтогулов кайсы маселелер талкууланганы жана кандай натыйжа болгону тууралуу сапардын жыйынтыгынан кийин маалымат берилерин кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG