Мындай макулдашуу өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун Астана шаарында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан учурда жетишилди. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Назарбаев Казакстандын аймагына кирип, каттоодон өткөн Кыргызстан жарандары үчүн мурдагыдай 30 күн эмес, 90 күн жүрүүсүнө макулдук берди. Тараптар кызматташуу, кыргыз-казак чек арасына кошумча өткөрмө бекеттерин ачуу жана эки тараптуу инвестициялык фондду март айына чейин каттоо меселелерин сүйлөштү.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Казакстан өкмөт башчысы Карим Масимовдун чакыруусу менен 21-февралда барган. (КЕ)
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Казакстан өкмөт башчысы Карим Масимовдун чакыруусу менен 21-февралда барган. (КЕ)