Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:04

Швецияда өзбекстандык имамга кол салуу болду


Швециянын Стромсунд шаарында таанымал өзбек имамы Обидхон-Кары Назаровду белгисиз бирөөлөр атып, динаятчы оор жарадар болду.

“Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, Назаровго 3-4 жолу ок тийген, учурда ахвалы салмактуу.

Имам Швецияда 2006-жылдан бери саясий качкын макамында жашайт. Өзбек бийликтери аны диний экстремизм менен террорчулукка айыптап, кармоого буйрук бергенден кийин 8 жылдай үй-бүлөсү менен Казакстанда жашырынып жүргөн.

Ал учурдагы таасирдүү имамдардын бири, он миңдеген жолдоочулары бар. Өз кезегинде президент Каримовго каршы өтө таасирдүү оппоненттердин бири катары саналган.

Чет өлкөдө баш калкалап жүргөндө имам Назаров Өзбекстандагы демократиялык реформаны жактаган секулярдык, оппозициялык лидерлердин бирине айланган.

XS
SM
MD
LG