Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:46

ЕККУ Кыргызстанда кыйноолорго каршы ишин кеңейтет


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстанда кыйноолорго каршы жүргүзүлүп жаткан ишин быйыл кеңейтет. Бул тууралуу Бишкекте 22-февралда өткөн талкууда ЕККУнун өкүлү Андерс Трёдссон билдирди. Анын айтымында, буга чейин кыргыз тарап менен биргеликте түзүлгөн докладдагы кеп-кеңештерди ишке ашырууга жардам берилет.

Кыргызстанда кыйноолордун алдын алуу боюнча талкуу "Дарыгерлер адам укугу үчүн" уюуму менен бирге уюштурулду. Бул эл аралык уюм 1997-жылы Нобел сыйлыгын алган. 1999-жылы анын Стамбул шаарында кабыл алынган протоколун Бириккен Улуттар Уюму тааныган. Протокол кыйноолор боюнча факттаррды соттук-медициналык тастыктоо боюнча эл аралык тажрыйбада колдонулат. (RK)

XS
SM
MD
LG