Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Кыргызстанда мун чиркөөсүнө тыюу салынды


Мындай чечимди 22-февралда Бишкек шаардык Свердлов райондук соту чыгарды. Ага ылайык, түбү кореялык Сан Мен Мун жетектеген Мун чиркөөсүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө жана ал диний агымдын идеяларын жайылткан “Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” федерациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ишине тыюу салынды. Акыркы соттук отурумга белгисиз себептерден улам аталган федерациянын өкүлдөрү катышкан жок. Өткөн жума күнү болгон соттук отурумда “Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” федерациясынын адвокаты Юлия Булатова бул федерация Мун сектасынын ишмердүүлүгүн жайылтат деген кинелерди четке каккан болчу.

Бул федерацияны Корея республикасынын жараны Ли Чоң У жетектейт жана ал 1996-жылы Кыргызстандын Юстиция министрлигинен кайрымдуулук уюму катары каттодон өткөн.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылып, “Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” федерациясынын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар бар жана уюмдун ишмердүүлүгү Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч жаратууда деп кайрылышкан. Бишкек шаардык прокуратурасы Свердлов райондук сотуна доо арыз берген. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG