Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

КТРКнын жаңы Байкоочу кеңешин тандоо боюнча жыйын өтөт


Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин демилгеси менен бүгүн Коомдук телерадио корпорациянын жаңы Байкоочу кеңешин тандоо жолдору талкууланат. Анда Коомдук каналдын өнүгүшү, кеңештин мүчөлөрүн тандап алуу жол-жоболору боюнча сөз болот. Жыйынга президенттик аппарат, КТРК, жарандык коом, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жана депутаттар катышмакчы. Иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Европа Кеңешинин колдоосу менен уюштурулууда.

Байкоочу кеңеш 15 адамдан турат. Бешөөнү президент, дагы бешин парламент, калганын жарандык коом сунуштайт. Улуттук телерадио корпорациясы 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин коомдук каналга айланган. 2010-жылы 3 жылдык мөөнөткө дайындалган Байкоочу кеңеш жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу тарай турган болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG