Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Бишкекте балдар арасында сарык оорусу көп каттала баштады


Бишкекте 14 жашка чейинки балдар арасында сарык оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт. Шаардагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиевдин айтымында, быйыл жыл башынан бери сарыкка чалдыккандардын саны Бишкекте 295ти түздү. Былтыркы ушул эле мезгилге салыштырганда бул көрсөткүч 125 кишиге көп. Ооругандардын көпчүлүгү мектепке жана бала бакчага барган балдар. Адистердин айтымында, биринчи кезекте адамдын боорун жабыркаткан бул оорудан сактаныш үчүн ар бир киши дайыма колун таза алып жүрүшү керек. Жуулбаган мөмө-жемиш, кайнатылбаган сууну ичүү да коркунучтуу. (RK)

XS
SM
MD
LG