Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Кофи Аннан БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы болуп дайындалды


Улуттар Уюмунун баш катчысы Бан Ги Мун менен Араб өлкөлөрүнүн лигасынын башчысы Набил ал-Араби бейшембиде Кофи Аннанды дүйнөлүк уюмдун Сириядагы кризис боюнча атайын чабарманы кылып дайындашты.

Улуттар Уюмунунун атайын билдирүүсүндө Аннан Сириядагы зордук-зомбулукту жана адам укуктарынын бузулушун токтотуунун жолдорун табууга көмөктөшөт.

Жума күнү Тунисте башталчу 70тен ашуун өлкөнүн тышкы иштер министрлери келген “Сириянын достору” деген аталыштагы жыйындын катышуучулары Сирияда ок атышууну тезинен токтотууну талап кылат. Бул өлкөдө бийликке каршы тополоңдор башталган 1 жыл ичинде 8 миңге чукул киши өлдү.

Кофи Аннан 1997-2006-жылдары Улуттар Уюмунун баш катчысы болуп кызмат өтөгөн. Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси.

XS
SM
MD
LG