Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:50

Абактарда ВИЧтин таркашына бөгөт коюу жолдору талкууланууда


Бүгүн Бишкекте түрмөлөрдөгү ийне сайынган баңгилер арасында ВИЧтин таркашына бөгөт коюу маселесине арналган жыйын өтүп жатат. Жыйынга Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Германиянын жана АКШнын өкүлдөрү катышууда. Талкууну АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги каржылаган “Сапаттуу саламаттыкты сактоо” долбоору уюштурду. Ага катышып жаткан адистер баңгилерге метадон берүү аркылуу алардын маңзаттардан көз карандылыгын азайтса болот деп эсептешет. Бул көйгөй айрыкча абактарга мүнөздүү экени айтылууда. Себеби ВИЧ бир ийнени бир нече адам кайра-кайра пайдалануусу аркылуу да жугат. Былтыр Кыргызстанда ВИЧке чалдыгып жаңыдан катталгандардын 60 пайызы ийне сайынган баңгилер экени аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG