Ушу тапта Орусияга иш сапар менен барган кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин орус президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуусу өтүүдө. "Азаттыктын" кабарчысы Аида Касымалиеванын билдиргенине караганда, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланып жатат. Сүйлөшүү Москванын четиндеги Горки-9 мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Москвага иш сапар менен Атамбаев 23-февралда барган. Кечээ ал Орусияда жашаган кыргыз уюмунун өкүлдөрү менен жолуккан. Бүгүн эртең менен Москванын Достук паркында Манастын айкелинин ачылыш салтанатына катышты. Орус тарап келечекте Алтай өрөөнүндө да Манастын айкелин ачуу демилгесин айтты. Өз сөзүндө Атамбаев Кыргызстан менен Орусиянын элин жалпы тарых бириктирип тураарын айтып, "азыркы термин менен айтканда, Манас – этникалык орусиялык!" деп билдирди. (AiK/RK)