Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Кыргыз-өзбек чек арасында асманга ок атылды


Баткен облусундагы Айдаркен чек ара аймагында 23-февралда Өзбекстандан өтүүгө аракеттенген өзбек жарандарын токтотуу үчүн чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, 1400 килограммга жакын жемди Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген 20дай өзбек жаранын токтоткон кыргыз чек арачыларына карата таш ыргытылган. Натыйжада бир чек арачы башынан жеңил жараат алган. Учурда ал аскердин абалына кооптонууга негиз жок экени айтылууда.

Ок атылганда гана өзбек тараптан келгендер артка кайтып, качып кетишкен. Алардын калтырып кеткен жеми тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG