Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Ооганстанда Курандын өрттөлүшүнө каршы демонстрациялар уланууда


НАТОнун Кабулдагы аскер базасында 4 күндөн бери Курандын өрттөлүшүнө каршы акциялар өтүп жатат. Батыш маалымат каражаттарында жазылгандай, бүгүн полициянын ок чыгаруусунан улам жараат алган демонстранттар болду. Каршылык акциялар Ооганстандын дагы эки провинциясында башталды. Кагылышта өлгөндөрдүн саны кеминде 15 адамга жеткени айтылууда, алардын экөө америкалык аскерлер.

Курандын өрттөлүшүнө Ооганстандын президенти Хамид Карзай америкалык офицерлерди айыптап жатат. АКШ президенти Барак Обама Баграмдагы базада мусулмандардын ыйык китеби Куранга тескери мамиле жасалгандыгы үчүн Карзайдан кат аркылуу кечирим сураган. Талиптер болсо оогандыктарды чет элдик аскер күчтөрүнө чабуулду күчөтүүгө чакырууда.

XS
SM
MD
LG