Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Бабанов: Шайлоодо административдик күч колдонулбайт


Өкмөт башчы мындай убаданы Ош шаарынын тургундары менен жолугушууда берди. Ал жарандарды 4-мартта боло турган жергиликтүү кеңештин шайлоосуна активдүү катышууга чакырып, бардык саясий күчтөргө бирдей шарт түзүлгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Ош шаарынын тургундарынын суроолоруна жооп берип, 4-мартта өтө турган шайлоодо бийлик бир тарапка жан тартпоого сөз берди.

Бабанов Ошо эки күндүк сапарынын алкагында бүгүн Ноокат районундагы социалдык объекттердин абалы менен таанышууда.

Ал эми оппозиция шайлоо алдында өкмөттүн саясатына нааразычылыгын билдирип, 1-мартта Ош шаарында 20 миң адамдын катышуусуна митинг өткөрөрүн билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG