Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Казакстанда “макул эместер” митингге чыкты


Алматыдагы митингдин катышуучулары. 25-февраль, 2012-жыл.
Алматыдагы митингдин катышуучулары. 25-февраль, 2012-жыл.
Өлкөнүн түштүк борбору Алматыда “Макул эместер күнү” деп аталган бүгүнкү демонстрацияга бир миңдей адам чыкты.

“Азаттыктын” казак кызматы маалымдагандай, митингде саясий эркиндиктерди кеңейтүү чакырыктары айтылды.

Полиция демонстранттарды Алматынын башкы – Республика аянтына киргизген жок, алар нааразылык чарасын жол боюнда өткөрүштү.

Ошондой эле бүгүнкү митингди утурлай полиция оппозициячыл маанайдагы “Азат” жалпы улуттук Социал-демократтар партиясынын лидерлери: Болат Абиловду, Жармахан Туякбайды, Амиржан Косановду үйүнөн чыгып жаткан кезде эле кармап кеткен. Алардын маселеси эми сотто чечилери күтүлүүдө.

Алматыдагыдан азыраак адам катышкан нааразылык акциялары бүгүн Казакстандын башка шаарларында да болду.

Борбор Астанада жыйырмадай адам жыйналса, былтыр декабрда кан төгүлгөн Жаңы-Өзөн шаарында он чакты аял камактагы күйөөлөрү менен жолуктурууну талап кылышты. Алар - учурда камакта отурган мунайчылардын жубайлары.

Казак оппозициясы “Макул эместер күнү” деп аталган бүгүнкү акция учурунда казакстандыктарды бүткүл өлкө боюнча нааразылык акциясына чыгып, ай башында камалган оппозиция өкүлдөрү бошотулушун, адилет шайлоону, эркин жана бейтарап сотту, сөз эркиндигин талап кылууга чакырган. (UE)


Алматыда митинг: "Назарбаев кет!"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

XS
SM
MD
LG