Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Орусия Кыргызстандагы базалары үчүн карызын төлөйт


Бул тууралуу кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев орусиялык “Эхо Москвы” үналгысына курган маегинде билдирди. Атамбаевдин айтымында, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объекттер үчүн ижара акыны төлөбөй жүргөнүн орус президенти Дмитрий Медведев угуп, таң калуусун жашырган эмес.

"Дмитрий Медведев менин көзүмчө телефон чалып, 10 күн ичинде Орусиянын Коргоо министрлиги бул карызды төлөсүн деген буйрук берди", - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев 2011-жылы декабрь айында Дмитрий Медведев менен жолугушууда ижара акы тууралуу маселени көтөргөнүн айткан эле.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча Орусия Кыргызстанга 4 жылдан бери аскерий объекттер үчүн ижара акысын төлөбөй келген. Мындан улам карыздын жалпы көлөмү 15 миллион доллардан ашкан.

Алмазбек Атамбаевдин Орусияга сапары 23-февралда башталган. Бул сапардын алкагында Атамбаев орус президенти Дмитрий Медведев жана премьер-министр Владимир Путин менен жолуккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG