Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Ооганстанда Курандын өрттөлүшүнө каршы демонстрациялар уланууда


Полиция Кабулдагы демонстранттарды таратууга аракеттенүүдө. 24-февраль, 2012.
Полиция Кабулдагы демонстранттарды таратууга аракеттенүүдө. 24-февраль, 2012.
Миңдеген демонстранттар бүгүн өлкө түндүгүндөгү Кундуз шаарында Бириккен улуттар уюмунун кеңсесин камалап, дарыгерлердин айтымында, полиция менен кагылыштан кеминде бир адам каза тапкан. Нааразылык акциялары бүгүн Логар, Лагман, Нангархар, Сари - Пул провинцияларында да болду.

Лагман провинциясынын полиция башчысы Абдул Рахман Саржангдын айтымында, бул жерде 1000дей адам жыйынды алгач тынч башташкан. Бирок көп өтпөй полицияга таш ыргытышып, губернатордун резиденциясына кол салууга аракеттеништи.

АКШнын Баграм базасында Курандын нускалары өрттөлгөн деген маалыматтарга кыжырданган оогандардын тополоң салып жатканына бүгүн беш күн болуп калды. 21-февралдан берки кагылыштардан жыйырмадан ашуун киши каза тапты.

АКШнын аскерий жетекчилиги Курандын нускаларынын өрттөлүп кетиши үчүн кечирим сурады жана бул атайлап жасалбагандыгын белгилешти. (UE)

XS
SM
MD
LG