Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

"Кызыл чырым" Хомсто жараат алгандардын алгачкы тобун алып чыкты


Хомс шаарынын Баба Амр району аткылангандан кийинки бир көрүнүш. 22-февраль, 2012.
Хомс шаарынын Баба Амр району аткылангандан кийинки бир көрүнүш. 22-февраль, 2012.
"Кызыл чырым" уюму билдиргендей, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн камалоосунда турган бул шаардын Баба Амр районунан 27 адам Хомстун ооруканасына жеткирилди.

Бул - өкмөттүк күчтөр артиллерия менен аткылап жаткан райондон эвакуциялангандардын алгачкы тобу. "Кызыл чырым" комитетинин өкүлү Карла Хаддад бул ишти алдыга көздөй “алгачкы кадам” деп атады.

Жараат алгандарды эвакуациялоо Батыш жана Перс булуңунун өлкөлөрү Сирия президенти Башар Асадга жана анын өкмөтүнө кысым көрсөтүү үчүн Тунисте чогулган учурга туш келди. (UE)

XS
SM
MD
LG