Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Кыргызстандан башка базалар да чыгарылышы мүмкүн


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев орусиялык "Эхо Москвы" үналгысына курган маегинде 2014-жылы АКШнын транзиттик борборун чыгарган соң, өлкөдө жайгашкан башка аскерий базалардын да чыгып калуу ыктымалдуулугун четке каккан жок.

"Мен кадам артынан кадам жасаганды жактырам. Кудай буйруса, 2014-жылы бир базаны чыгарабыз. Учурда Орусия менен бардык келишимдерди тактап жатабыз. Алардын ичинде аскерий базалар жөнүндө келишимдер да бар. Мен башка жол менен кетишибиз мүмкүн экенин четке каккан жокмун", -деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев АКШнын транзиттик борбору 2014-жылы чыгарылаарын бышыктап, бул багытта АКШ бийлиги менен макулдашканын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG