Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Таласта дыйкандар картошкасын сата албай убара


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Мирбек Айтикеевдин айтымында, Таласта дыйкандар кампадагы картошкаларын азайтыш үчүн арзан болсо да сатууга аракет кылууда. Калган чирип кеткен бөлүгүн трактор менен ташып таалааларга төгүп жатышат. Дыйкандар өздөрү өндүргөн жер-жемиштерин Казакстан жана Орусияга жол ачып берүү өтүнүчүн бийлик жетекчилерине билдиришүүдө. Учурда бир килограмм картошканын баасы 3 сомдун тегерегинде. Өткөн жылы ушул убакта картошканын бир килосу 20 сомдун тегерегинде сатылган.

Талас районунун Беш-Таш айылында жүз тонна картошка жыйнаган дыйкандар бар. Алар мээнети акталбай калганына нааразы. Буга чейин ысыккөлдүк дыйкандар дагы ушундай эле нааразылыгын билдиришкен болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG