Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

АКШ Мамкатчысы Түндүк Африкадагы демократияга колдоо көргөздү


Хиллари Клинтон кечээ Алжирде болгон учурунда айткандай, ал Тунистин, Египеттин, Ливиянын узак мөөнөт бийликте турган лидерлери былтыр бийликтен четтетилген Түндүк Африка чөлкөмүнө АКШнын демократиялык өзгөрүүлөрдү колдой турганы боюнча салам дубайын алып келди:

- Алар (арабдар) өз атынан чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга татыктуу. Анткени бул ар бир жарандын ар намысы жана укугу, ар бир коом үчүн маанилүү.

АКШ Мамлекеттик катчысы Алжирге чейин Тунисте болуп, алтымыштай өлкөнүн өкүлдөрү арасында “Сириянын достору” деп аталган жыйынга катышты. Ал эми Алжирден соң Мароккого барды.

Клинтондун бул өлкө бийликтери менен демократиялык реформаларды жана Сирияда уланып жаткан кан төгүүнү талкулоосу белгиленген. (UE)

XS
SM
MD
LG