Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Грузия президенти саясий атаандаштарынан Орусия боюнча көз карашын тактоону талап кылды


Михаил Саакашвили саясий атаандаштарына карата мындай талабын Түштүк Осетия менен чек арага жакын жердеги аскерий базада сүйлөгөн учурунда жолдоду:

- Силер Орусиянын лидерлери жана өкмөт мүчөлөрү менен мамиле кура аласыңар жана бул НАТО менен Евробиримдикке мүчөлүккө караганда маанилүү деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок силерде бул көз карашыңарды элден жашырууга укугуңар жок. Силер бир эле учурда эки столдо олтурууга укугуңар жок. Биздин өлкөнүн келечек пландарына байланышкан жана ал пландарды ишке ашырууга багыт берүүчү талкуулар абдан маанилүү. Аларды эл үчүн так жана ачык айкын жазуу - биздин милдетибиз.

Орусия лидерлери менен жеке мамилеси начар Михаил Саакашвилинин ырастоосунда, Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу гана келечек муун үчүн Грузиянын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөнүн жалгыз жолу.

Айрымдар анын бул сөздөрүн грузиялык миллиардер Бидзина Иванишвилиге багытталган деп чечмелешти.

Иванишвили быйыл октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышарын, бийликке келгенде Орусия менен, Батыш менен да жакшы мамиле курууну көздөрүн билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG