Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Ооган президенти кайрадан калкты сабырдуулукка чакырды


Хамид Карзай жекшембидеги телекайрылуусунда оогандарды тынчтыкка чакыруу менен кырдаалды душмандар пайдаланып кетишине жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

Ооган президентинин калкты сабырдуулукка үндөгөн кайрылуулар менен кайра-кайра чыгышына НАТОнун базасында Курандын нускаларынын өрттөлүшүнө нааразы болгон оогандардын тополоңу беш күн катары менен уланганы себеп болду.

Кечээ Кундуз шаарында миңдеген адамдар Улуттар уюмунун комплексин курчоого алып, коопсуздук күчтөрү менен кагылыштан төрт демонстрант каза таап, 50дөйү жаракат алган.

Өткөн шейшембиден берки тополоңдордон 30дай кишинин өмүрү кыйылды. Бүгүнкүгө карата ооган коомундагы нааразылык басаңдагандай, кандайдыр бир демонстрациялар жөнүндө маалымат түшө элек.

АКШ Баграм аба базасында Курандын нускаларынын өрттөлүп кетиши үчүн кечирим сурады жана бул атайлап жасалган иш эместигин баса белгиледи.
(UE)

XS
SM
MD
LG