Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Израил Азербайжанга курал-жарак, ракетадан коргоо системасын сатты


Расмий Баку менен Израилдин Aerospace Industries мамлекеттик компаниясы 1,6 млрд.долларга бааланган келишимди аткарышканын кечээ Израилдин коргоо жаатындагы расмий өкүлдөрү ырасташты. Атын атагысы келбеген израилдик расмийлер муну көптөн бери иштелип келген келишим деп атап, Ирандын өзөктүк программасы же ортодогу каяма айтышуулар менен эч кандай байланышы жок экенин белгилешти. Ушул айдын башында Ирандын тышкы иштер министрлиги “Израилдин тыңчыларын өз аймагында Тегеранга каршы иштегенге уруксат берип жатат” деп, Азербайжанды айыптаган болчу.

XS
SM
MD
LG