Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБнын) Дагестандагы жергиликтүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, кечээ Махачкаланын борборундагы “Олимп” ресторанына кире бериште жардыргыч зат толтурулган пластикалык бөтөлкөлөр табылган. Кечирээк болсо баш калаанын башка бир районунда да жардыргыч зат табылганы кабарланды. Анын алдынан Кызылюрт районунда ичи жык жардыргыч затка толтурулган тегерек түптүү 65 литрлик челек табылганы айтылган болчу. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат.