Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Украинада мурдагы ички иштер министри Юрий Луценкого сот өкүмүн чыгарат


Ю.Луценко, 5-июль, 2011
Ю.Луценко, 5-июль, 2011
Киевдеги райондук сот 2005-жылдан 2010-жылга чейин эки ирет Ички иштер министри болгон Луценкого “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” жана “мамлекеттик мүлктү уурдаган” деген айыптар боюнча өкүмүн бүгүн чыгараары күтүлүүдө. Мурдагы министр мамлекеттик казынага 125 миң долларлык зыян келтирген деп баалашты тергөөчүлөр. Ал 4,5 жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Луценконун адвокаты болсо “экс-министр саясий кечирим сурашы керек, бирок юридикалык жактан кылмыш жасаган эмес” деп билдирди. Луценко өлкөдө “саргылтым ыңкылаптан” кийин эки ирет министр болуп дайындалган. Камакта отургандан бери анын ден-соолугу кескин начарлап кеткени айтылат.

XS
SM
MD
LG