Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:08

Ала-Букада Пирматовдун тарапкерлери митингге чогулууда


Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун борборунда Жогорку Кеңештеги “Република” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду колдогон тургундар тынчтык митингге чогулуп жатат. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, ушул тапта кеминде 60ка чукул адам айылдын борборуна топтолгону кабарланууда.

21-февралда Башкы прокуратура Пирматовду 2008-2010-жылдары “Кыргызмунайгазды” жетектеп турганда ишканага каржылык зыян келтирген деп айыптоодо. 21-февралда Башкы прокуратура депутатты тергөө ишине тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Пирматов өзүнүн бул иште эч кандай күнөөсү жоктугун билдирип келет. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG