Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Ысык-Көлдүн экологиялык абалы текшерилет


Ысык-Көл облусу менен көлдүн тегерегиндеги курорттук аймактардын экологиялык абалын иликтөөчү комиссия түзүлдү. Мындай чечим бүгүн Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинде кабыл алынды.

Комитет мүчөсү Эркингүл Иманкожоеванын “Азаттыкка” билдиришинче, комиссия түзүүгө парламенттин протоколдук тапшырмасы менен элден түшкөн кооптонуу каттары себеп болгон. Бул комиссия Ысык-Көл облусуна кире бериштеги өткөрмө бекеттеринде автоунаалардан алынган каражат кандай сарпталып жатканын да текшерип чыгышмакчы. Комиссияга депутаттар, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин өкүлдөрү кирип, алар бир ай ичинде корутундусун берет. (KKs)

XS
SM
MD
LG