Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш ишинин жанданышы боюнча пикирин билдирди. Мэриянын басма сөз кызматы таркаткан билдирүүдө, Мырзакматов Ташиевге карата мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда козголгон кылмыш иштин кайрадан жанданышын саясий кысым жана буйрутма катары сыпаттаган. Мындан тышкары бул аракет Ош тургундарынын бийликке болгон ишенимин азайтканын белгилеген. “Мен оппозициялык маанайдагы саясатчыларга кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырам. Бүгүн Кыргызстанга саясый стабилдүүлүк менен ынтымак-ырашкерлик абадай зарыл болуп турат”, - деп жазган Мелис Мырзакматов.
Буга чейин Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жаныбек Салиев отуздан ашуун кылмыш иши жанданганын, анын ичинде депутат Камчыбек Ташиевдин да иши бар экенин “Азаттыкка” тастыктаган.
Оппозициядагы “Ата-Журт” партиясы 1-мартта ири нааразылык акциясын өткөрөөрүн билдирген. (KKs)