Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:26

Кар көчкү коркунучу сакталууда


Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 27-28-февралда жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Мындан улам кооптуу аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

Аба ырайы:

Эртең Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгил менен жаан-чачын болот. Түнкүсүн айрым жерлерде катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамадын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрден, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5 градус;
Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1 градус;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2 градус;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -10…-15 градус;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30, күндүз -17…-22 градус;
Тоолордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -12…-17 градус суук болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар түшөт, туман капташы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз -0…-2 градус суук болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG