Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Пакистанда митинг учурунда жардыруу болду

Пакистандын түндүк-батыш аймагындагы Ноушер шаарында саясий митинг учурунда жардыруу болуп, кеминде 5 киши мерт кетип, 20 адам жарадар болду. Митингге жергиликтүү саясий лидерлер жана Хайбер-Пахтунква провинциясынын премьер-министри да катышып жаткан болчу. Болжолдуу маалыматка караганда, жардыргыч зат мотоциклге жабыштырылган. Жардырууга пакистандык талиптер жоопкерчилик алышты. Байкоочулардын белгилешинче, бул Пакситандын түндүк-батышында 5 күндүн ичинде катталган үчүнчү жардыруу.
XS
SM
MD
LG