Кечээ Франциянын тышкы иштер министри “Сириянын элине каршы кылмыштары үчүн президент Башар ал-Асад жоопкерчиликке тартылат” деп билдирди. Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынында Сирияга каршы санкцияларды күчөтүү тууралуу да чечим кабыл алынды. Ага ылайык, Сириянын борбордук банкынын Еврошаркеттеги активдери камакка алынат, бир топ жогорку кызматтагы адамдардын Европага саякатташына тыйуу салынат, Сириядан жүк ташый турган учактарга шаркеттин аймагына кирүүгө уруксат берилбейт.
"Биз Асаддан Сирияда карапайыл элди өлтүрүүнү токтотушуна жетишишибиз керек. Биз буга мүмкүн болушунча эртерээк жетүүнүн жолдорун издешибиз зарыл, - деди Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Кэтрин Эштон. - Ачыгын айтканда, өз элин өлтүрүп жаткан адам аны башкара албайт".
Евробиримдик “кара тизмесин” буга чейин эле жарыялап, расмий Дамаск менен курал-жарак сатыгына да тыйуу салган болчу. Мындай кескин чаралары тууралуу биримдик Сирияда жекшембиде өткөн референдумдун жыйынтыгы чыккандан кийин кабарлады. Жыйынтыкка караганда, “Референдумда президент Асад сунуштаган жаңы конституцияны элдин 89% колдогон”.