Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:38

Алайда катуу бороондон жол жабылды


Түндө Алай районундагы Тоң-Мурун ашуусунда болгон бороондон улам жол Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 218-224-чакырымы жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Азыр кар тазалоочу техникалар даярдалып, бороон токтогондон кийин тазалоо иштери башталганы турат. Мындан тышкары Кыргызстандын аймактарында кар көчкү коркунучу сакталып, Токтогул, Чаткал, Жайыл райондорунда кар күрткүлөрү атайын аткылап түшүрүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG