Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Кыйноо боюнча эки милиционердин иши сотко өттү


Түнкү клубдун кызматкерлерин кыйнап, күчтөп маалымат алууга аракеттенген деп айыпталган эки милиционердин иши сотко өттү. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алар Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын Уюшма кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери болгон. Эки милиционер өткөн жылдын ноябрь айында түнкү клубдун ондон ашык кызматкерлерин 20 сааттан ашык кыйнап, өздөрү жоготуп жиберген табелдик куралдын жайгашкан жери боюнча маалымат берүүнү талап кылышкан. Азырынча милиционерлердин жүйөөлөрү белгисиз. Ишти Бишкектеги Свердлов райондук соту териштире турган болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG