Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Жемкордук боюнча 100 күндө 20 кылмыш иши козголду


Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу кыйла көптүк кылат. Былтыр бир жыл ичинде жалпы 40 кылмыш иши козголгон болчу. Бектен Сыдыгалиев Коррупцияга каршы кызматка арыз менен кайрылгандардын саны көбөйгөнүн, январь айында жарандардан 298 арыз келсе, февралда алардын саны 723кө жеткенин кошумчалады.

Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы кызмат өткөн жылдын декабрь айында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен түзүлгөн болчу. (BkA/KKs)

XS
SM
MD
LG