Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 2-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Мындан улам кооптуу аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.
Аба ырайы:
Эртең түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрден, Ысык-Көл аймагында 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2 градус;
Баткенде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -7…-12 градус;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -31…-36, күндүз -16…-21 градус;
Тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -11…-16 градус суук болот.
Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, мезгил-мезгили менен туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7 градус, күндүз 0…-2 градус суук болот. (KKs)