Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Июнь коогасындагы кылмыштардын 7 пайызынын бети ачылды


Бул тууралуу башкы прокурордун биринчи орун басары Нурланбек Жээналиев бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2010-жылдын июнь айындагы кандуу окуялар боюнча жалпы 5640 кылмыш катталган. Алардын ичинен 402 иштин бети ачылды. Натыйжада 545 адам жоопко тартылып, алардын 408и камакта отурат. Жалпы күч колдонуу менен өлүм тапкан 442 адамдын сөөгү табылган. Алардын 21си дале толук тааныла элек. (BkA/KKs)

XS
SM
MD
LG