Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Бишкекте кошумча эки тейлөө борбору ачылат


Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тапшырмасы менен Бишкекте Калкты тейлөө борборунун кошумча эки филиалы ачылат. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаар тургундарына документ даярдай турган борбордун филиалы Бишкектеги Свердлов жана Ленин райондорунда жайгашат. Былтыр декабрь айында Бишкектеги төрт районго тиешелүү паспорт үстөлдөрү жоюлуп, анын ордуна Калкты тейлөө боюнча бирдиктүү борбор ачылган. Февралдын орто ченинде премьер-министр бул борборго барганда, тургундар кезекке турууга аргасыз болушканын, борборго унаа каттабагандыктан жетүү кыйын экенин билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG