Орусиянын Астрахан шаарында 9 кабаттуу үйдүн бир капталы кулап, расмий маалыматка караганда, аз дегенде 6 киши мерт болду. 12 киши жараат алды, дагы 4 кишинин дайыны жок. Чукул кырдаалдар мекемесинин адистери имарат газ жарылуусунан ураган деген божомолду текшерип жатышат. Аман калгандарды издөө иштери уланууда. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Премьер-министр Владимир Путин расмий иликтөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча, газ компаниясынын жетекчилерин кызматтарынан четтетүүнү буйруду.